Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-декабры № 3/4
Ылай-Талаа айыл аймагынын кире беришиндеги Т.Абакиров атындагы сейил багынын көрктөндүрүү жумуштарына айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салымын карап берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2 - “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ылай-Талаа айыл аймагынын кире беришиндеги Т.Абакиров атындагы сейил багынын көрктөндүрүү жумуштарын аткаруу үчүн Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2022-жылга каралган бюджетинин эсебинен 320 000 (үч жүз жыйырма) миң сом акча каражатын өздүк салымдан төлөп берүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Мамасали кызына милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы | А.Кадамбаева |