Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-августу № 21
Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын Бишкек-Ош авто жолунун жээгине аялдама курууга макулдук берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын Бишкек-Ош авто жолунун 609-611 чакырым аралыгында жайгашкан узуну 8м2, туурасы 2,5м2 болгон жер тилкесине төрт тарабы ачык жана заманга жараша кооз абалда авто унаа токтоочу аялдама курууга Алымбаев Самат Кудайбердиевичке макулдук берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын Бишкек-Ош авто жолунун 609-611 чакырым аралыгында жайгашкан узуну 8м2, туурасы 2,5м2 болгон жер тилкесине төрт тарабы ачык жана заманга жараша кооз абалда авто унаа токтоочу аялдама курууга Алымбаев Самат Кудайбердиевичке макулдук берилсин.
2. Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминдеги уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан аталган жер аянтын мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, инвестиция тартуу, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Акназаров |