Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 03-ноябры № 25
Жылалды айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын жанындагы 0,03 га жер аянтына жыйындар залы жана КААБ мүчөлөрүнө бөлмө курууга макулдук берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IV сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесиндеги 5-пунктунун негизинде Жылалды айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын жанындагы 0,03 га жер аянтына жыйындар залы жана КААБ мүчөлөрүнө бөлмө курууга макулдук берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесиндеги 5-пунктунун негизинде Жылалды айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын жанындагы 0,03 га жер аянтына жыйындар залы жана КААБ мүчөлөрүнө бөлмө курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Акназаров |