Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 01-декабры № 26
Жылалды айыл өкмөтүнүн 2021-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз V сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүм, 3-главасынын 34-беренесиндеги 3-пунктунун негизинде Жылалды айыл өкмөтүнүн 2021-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын бекитүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүм, 3-главасынын 34-беренесиндеги 3-пунктунун негизинде Жылалды айыл өкмөтүнүн 2021-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планы бекитилсин.
Стратегиялык план тиркелет.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Акназаров |
БЕКИТЕМ БЕКИТЕМ
Жылалды айылдык кеңеши Жылалды айыл өкмөтү
_____________________ _____________________
Төрага: М. Акназаров Башчы: У. Джеенбаев
1-декабрь 2021-жылдын №26 токтому 1-декабрь 2021-жылдын №214 буйругу
Жылалды айыл өкмөтүнүн стратегиялык планынын иш-чарасы
Өнүгүү чөйрөсүнүн жагымдуулугун жогорулатуу
| ||||||||||
1. Айыл өкмөтүнүн калкынын эмгектик жана ишкердик кудуретин максималдуу ачуу, болгон эмгек ресурстарын эффективдүү колдонуу, базар экономикасынын заманбап институттарын түзүү
| ||||||||||
1.1. Жеке ишкердиктин мындан ары өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
| ||||||||||
1 | Бизнести жүргүзүүнүнү жана уюштуруунун шарттарын жакшыртуу боюнча чаралардын топтомдорун иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу | Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Жаңы жумуш орундарын түзүү, товарларды өндүрүүнү көбөйтүү | ||||||
2 | Айыл өкмөтүнүн стратегиялык инвестициялык долбоорлорун жүзөгө ийгиликтүү ашыруу максатында жеке ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана инвестициялык климаты жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чаралардын топтомун иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу | Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Инвестициялардын келүүсүн көбөйтүү, кошумча өнөр-жай кудуретин түзүү, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, кошумча жумуш орундарын түзүү | ||||||
2. Өнүгүүнүн багыттары жана артыкчылыктары
| ||||||||||
2.1. Экономикалык өсүүнүн сапатын көтөрүү
| ||||||||||
1 | Өзбекстан Республикасы менен достук байланыштарын жана ынак коңшулук мамилелерди калыбына келтирүүгө багытталган ырааттуу сырткы саясатты жүргүзүү | Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Чарбалык байланыштарды калыбына келтирүү, биргелешкен жана чет элдик ишканаларды түзүү, эки тарапка тең пайдалануу экономикалык жана саясый кызматташтык ж.б. | ||||||
2 | Жаңыдан ачылган өндүрүштөргө: жаңы жумушчу ордуларын ачуу, импорту алмаштыруу, жергиликтүү чийки затын кайра иштетүүнүн деңгээлин көтөрүү, ички соодада ата мекендик продукциялардын үлүшүн көбөйтүү, ошондой эле даяр продукциялардын экспорттук көлөмдөрүн күчөтүү боюнча ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөтүү
| Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Өнөр жай продукцияларынын көлөмдөрүн, өндүрүш кудуретин күчөтүү, жумушсуздукту кыскартуу, чыгарылган продукциялардын сапатын жакшыртуу жана аймактын экономикалык коопсуздугун бекемдөө. | ||||||
3 | Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча ишканалардын тармактарын кеңейтүүнү ичине камтыган өнөр жай тармагын индустриялуу негизге этабы менен өтүүсүн камсыздоо жана анын сапатын жогорулатуу | Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Экономиканын тармактарынын багытын өзгөртүү, каржы-чарбалык ишмердүүлүктүн көрсөткүчтөрүн жакшыртуу (рентабилдүүлүктүн деңгээлин көтөрүү, өнүмдүн өздүк наркын төмөндөтүү) | ||||||
3. Айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү
| ||||||||||
3.1. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүчүлүктү жана мал чарбачылыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар
| ||||||||||
1 | Жыл сайын кара малдардын жана кой-эчкилердин жалпы санын өстүрүү жана мал чарбачылыгынын өнүмдүүлүгүн көтөрүү: -кой өстүрүүчүлүктү -5 % га -эчки өстүрүүчүлүктү -5 % га -аары багуучулукту -10 % га | Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Калктын сапаттуу азык-тамак менен камсыздоо | ||||||
2 | чакан товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба кооперативдерине бириктирүү жана алардын санын жыл сайын 10-15 бирдикке көбөйтүү | Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Айыл чарба кооперативдеринин санын көбөйтүү | ||||||
3 | Жыл сайын иштетилбей калган айдоо аянттарын 5 % га азайтуу | Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Айыл чарба продукциялардын көлөмүн көбөйтүү | ||||||
4 | Ички чарбалык сугат түйүнү боюнча талап кылынган ченемге чейин сугат сууну жеткирип берүү | Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Айыл чарба продукциялардын көлөмүн көбөйтүү | ||||||
5 | Кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн гектарына 30-32 центнерге чейин көбөйтүү | Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн продукциялардын көлөмүн көбөйтүү | ||||||
4. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча иш-чаралар
| ||||||||||
1 | Элдик кол өнөрчүлөрдүн чеберлеринин фестивалын уюштурууну жана өткөрүүнүн камсыздоо, кыргыз элинин үрп-адатын жана салттарын көрсөтүү, улуттук оюндарды өткөрүү-спорттук ж.б. | Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Айыл өкмөтүнүн имиджин калыптандыруу, туристтердин келүүсүнүн санын көбөйтүү | ||||||
5. Сооданы өнүктүрүү жана экспортко демилге берүү
| ||||||||||
1 | Электр өткөрүү линияларынын жалпы узундугун көбөйтүү, мурда болгон электр өткөрүүчү линияларды реконструкциялоо жана кошумча электр көмөкчү подстанцияларды куру жолдору менен калкты үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыздоо | Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Жабдууларды модернизациялоонун эсебинен электр энергиясын керектөөүнүн көлөмдөрүн кыскартуу, өндүрүштө жана күндөлүк тиричиликте жашаган комфорттуу шарттарда үзгүлтүксүз циклдерди камсыздоо | ||||||
2 | Айылдар арасында; Жылалды Красный-Маяк Кальта Прогресс (ички көчөлөрүнө асфальт басуу, билим берүү мекемелеринин имараттарын жанылоо, бала бакчаларды куруу, түнкү жарыктандырууларды коюуу, таза суу менен камсыздоо) | Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Күндөлүк тиричиликте жашаган жарандардын комфорттуу шарттарда үзгүлтүксүз жашоосун камсыздоо | ||||||
6. Саламаттыкты сактоо | ||||||||||
1 | СВА, ФАПтардын имараттарын оңдоо | Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Күндөлүк тиричиликте жашаган жарандардын комфорттуу шарттарда үзгүлтүксүз жашоосун камсыздоо | ||||||
2 | СВА, ФАПтарды керектүү жабдыктар менен камсыздоо | Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Күндөлүк тиричиликте жашаган жарандардын комфорттуу шарттарда үзгүлтүксүз жашоосун камсыздоо | ||||||
7. Байланыш жана информатизациялоо
| ||||||||||
1 | Айыл өкмөтүнүн бардык калктуу конуштарына интернет менен камсыздоо | Айыл өкмөтү «Кыргызтелеком» ААКнын Өзгөн филиалы, мегаком компаниясы | 2021-2025 жж | Шашылыш суроолорду жана көйгөйлөрдү ыкчам жана сапатуу чечүүнүн мүмкүнчүлүгү, кызматтык маалыматты убагында Берүү жана кабыл алуу, оорулардан ж.б. маалыматтарды алуунун тоскоолдуктарын жоюу | ||||||
2 | Айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарын телерадиоберүүлөрүнүн программалары менен толук камсыздоо ( санарип) | айыл өкмөтү радиорелейдик магистралдардын аймактык түйүнү (РМА-1) | 2021-2025 жж | Айыл Өкмөтүнүн калкынын толук маалыматка ээ болуусу | ||||||
8. Курчап турган чөйрөнү таза кармоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо
| ||||||||||
1 | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы дарыялардагы жээкти коргоочу дамбаларды реаблитациялоо боюнча долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу боюнча программаны иштеп чыгуу жана иш жүзүнө ашыруу | Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Жээкти коргоочу дамбаларды реаблиттациялоо боюнча долбоорлорду тартуу | ||||||
2 | Өрткө каршы жана авариялык-куткаруу кызматтарынын техникалык кудуретин бекемдөө | Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Өрткө каршы жана авариялык куткаруу кызматтарынын эффективдүүлүгүн атайын каражаттар, жабдыктар жана техника аркылуу көтөрүү
| ||||||
9. Аймактардын өнүгүүдө ролу жана катышуусу
| ||||||||||
1 | Миграциялык агымдарды эсепке алуунун системасын тынымсыз жакшыртуу | Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Миграциялык агымдарды иреттоо | ||||||
2 | Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүү стратегиясын иш жүзүнө ашырылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө | Айыл өкмөтү | 2021-2025 жж | Калктын оокаттуулугун, аймактын экономикалык жана каржылык кудуретин көтөрүү | ||||||
Жооптуу катчы: | Р.Маматов |