Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 01-декабры № 27
Жылалды айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз V сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесиндеги 5-пунктуна таянып, Жылалды айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө М.Акназаровдун сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесиндеги 5-пунктуна таянып, Жылалды айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө М.Акназаровдун сунушунун негизинде Абдираимов Кубаталы Маматжанович жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылып, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Акназаров |