Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 01-декабры № 28
Жылалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз V сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-беренесине таянып, Жылалды айыл өмөтүнүн 2021-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаеванын сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы кирешеси.
Лицензия кармоодон -420,0 миң сом
Киреге салыгы +495,0 миң сом
Кыймылсыз мүлк +100,0 миң сом
Ыктыярдуу патент +200,0 миң сомго пландан тышкары ашыкча аткарылгандыгы үчүн Жылалды айыл өкмөтүнүн келишиминин негизинде. Жылалды айылындагы курулуп жаткан кичи футбол аянтчасына төлөнө турган 1000000 (бир миллион) сом акча каражатын ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаеванын сунушу боюнча 375000 (үч жүз жетимиш беш миң) сомун 2021-жыл ичинде, ал эми калган 625000 (алты жүз жыйырма беш миң) сомду 2022-жылдын биринчи кварталында которуп берүүгө макулдук берилсин.
2. 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүүгө, КРнын Финансы Министрлигинин Өзгөн финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Акназаров |