Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-январы № 2
2021-жыл ичинде участкалык инспектордун жана өспүрүмдөр боюнча инспектордун аткарган иштери жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу аймактык участкалык инспекторлор Муратов Орозбайдын жана Абвадилла уулу Мадиярдын 2021-жыл ичинде аткарган иштери боюнча 31.12.2021-жылы берген маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу аймактык участкалык инспекторлордун (Муратов Орозбай, Абвадилла уулу Мадияр) 2021-жыл ичинде аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Акназаров |