Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-январы № 3
СВА, ФАП кызматкерлеринин 2021-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу СВА, ФАП кызматкерлеринин 2021-жыл ичинде аткарган иштери боюнча 20.12.2021-жылы берген маалыматтарынын, социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын 15.01.2022-жылдагы корутундусунун негизинде маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу СВА, ФАП кызматкерлеринин 2021-жыл ичинде аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Акназаров |