Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-январы № 5
Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 8-көчөсүнө Калматов Касымбектин атын коюу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 8-көчөсүнө Калматов Касымбектин атын коюу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга кошкон салымын эске алуу менен, Улуу-Ата Мекендик согуштун ардагери Калматов Касымбектин аты Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 8-көчөсүнө аты коюлсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Акназаров |