Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-январы № 3
Ноокат шаарынын башкы планын кабыл алуу жана бекитүү жөнүндө
Ноокат шаарынын башкы планы иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндөгү 2017-жылдын 17-августундагы №490-токтомун аткарууга алуу максатында, Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долборлоо институту тарабынан Ноокат шаарынын 2040-жылдарга чейинки башкы планы иштелип бүткөндүгүнө байланыштуу Ноокат шар кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясын берген тактамасынын негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаарынын башкы планы кабыл алынсын жана бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Т.Т.Кадирбаевке тапшырылсын.
Төрага: | Б.Мадмаров |