Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-январы № 4
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПты мөөнөтсүз пайдаланууга Ноокат аймактык ооруканасынын пайдалануусуна өткөрүп берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПты мөөнөтсүз пайдаланууга Ноокат аймактык ооруканасынын пайдалануусуна өткөрүп берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПты мөөнөтсүз пайдаланууга Ноокат аймактык ооруканасынын пайдалануусуна өткөрүп берүүга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты И.Имаровага тапшырылсын.
Төрага: | Б.Мадмаров |