Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-январы № 6
Ноокат шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-октябрындагы VI чакырылышынын VIII сессиясынын №10 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ноокат шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-октябрындагы VI чакырылышынын VIII сессиясынын №10 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясын берген тактамасынын негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген “Бек Нем Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жол акысын 10 (он) сомдон 15 (он беш) сомго көтөрүлсүн жана төмөндөгү толуктоолор киргизилсин:
-1-11 класска чейинки мектеп окуучуларына 5 (беш) сом;
-1-2-3 группадагы майыптыгы бар жарандарга 10 (он) сом төлөм киргизилип, жеңилдик берилсин.
2.“Бек Нем Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жол акысы 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап колдонулсун.
3.Ноокат шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген “Бек Нем Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жол акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашуу жагы жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты О.Ж.Тургунбаевге тапшырылсын.
Төрага: | Б.Мадмаров |