Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-январы № 7
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Ноокат шаарынын 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин аудит жүргүзүлгөн жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Ноокат шаарынын 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин аудит жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы чыгарылып, аудит жыйынтыгынын негизинде Ноокат шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча бир топ финансылык кемчилдиктерге жол коюлгандыгы көрсөтүлгөн. Катта жазылган кемчилдиктерди жоюу максатында, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустук Эсептөө палатасынын территориалдык башкармалыгы тарабынан 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин аудит жүргүзгөн жыйынтыгы Ноокат шаардык мэриясы тарабынан аткарууга алынсын.
2.Ноокат шаар мэриясынын отчет-учет иштерин алып барууда Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 2017-жылдын 29-июнундагы “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансалык отчетторду жүргүзүү боюнча Жобосун бекитүү жөнүндөгү" №97-Б буйругун жетекчиликке алуу, жергиликтүү бюджетинин аткарылышында финансылык кемчилдиктерге жол бербөө, аудит көрсөткөн кемчилдиктерди жоюу менен тиешелүү беренелерге акча каражаттарды максатсыз пайдаланбоо, бухгалтердик дебитордук жана кредитордук эсептөөлөр туура жүргүзүлүшү, бухгалтердик эсептерди так жана сапаттуу жүргүзүү Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы М. Абдивахидовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Б.Б. Айтматовге тапшырылсын.
Төрага: | Б.Мадмаров |