Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-январы № 9
Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаардык кеңешинин, муниципиалдык менчик Департаментинин кызматкерлеринин байланыш каражаттарын аныктоо жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын жана Ноокат шаардык кеңешинин чыгымдарын үнөмдөө максатында Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаардык кеңешинин, муниципиалдык менчик Департаментинин кызматкерлерине байланыш каражаттарын аныктоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3 бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ноокат шаар мэриясынын,Ноокат шаардык кеңешинин, Муниципиалдык менчик Департаментинин чыгымдарын үнөмдөө максатында Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаардык кеңешинин кызматкерлерине байланыш кызматтары үчүн ай сайын Ноокат шаар мэриясынын 2022-жылдын бюджетинин 2212-беренесинин эсебинен Ноокат шаар мэриясына 7530 сом, муниципалдык менчик департаментине 3000 сом, Ноокат шаардык кеңешине 2000 сом төмөнкүчө бөлүнүп берилсин.
-Ноокат шаар мэриясына:
-Ноокат шаарынын мэрине-500 бирдик;
-Вице-мэрине-500 бирдик;
-Аппарат жетекчисине-500 бирдик;
-ФЭБ башчысына-380 бирдиктен;
-Башкы адистерге-380 бирдиктен;
-Калган 7 муниципалдык кызматкерлерге-250 бирдиктен;
- Муниципалдык менчик департаментине:
- Жалпы кызматкерлерге- 3000 бирдик;
-Ноокат шаардык кеңешине:
-Ноокат шаардык кеңешинин төрагасына-500 бирдик;
-Жооптуу катчысына-380 бирдик;
-Башкы адиске-250 бирдик;
-Жетектөөчү адиске-250 бирдик.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Мадмаров |