Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-декабры № 1
“Кара – Балта шаарынын 2021 – жылынын бюджетти жана Кара-Балта шаарынын 2022-2023 – ж.ж. бюджетинин болжолу жөнүндө” КБШК 2021-жылынын 8-апрелиндеги № 3 токтомунун 17 пунктун жокко чыгаруу жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 36-беренелерине ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунун прокуратурасынын протестинин негизинде «Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана Кара-Балта шаарынын 2022-2023-жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө» КБШКнин 08.04.2021-жылдагы № 03 токтомунун 17 пунктун жокко чыгарууга карата, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана Кара-Балта шаарынын 2022-2023-жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө» КБШКнин 08.04. 2021-жылдагы №03 токтомунун 17-пунктунун жокко чыгарылышы үчүн Чүй облусунун Жайыл районунун прокуратурасынын протести эске алынсын.
2. “Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана Кара-Балта шаарынын 2022-2023-жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө” Кара-Балта шаардык кеңешинин 08.04.2021-жылдагы № 03 токтомунун 17-пункту жокко чыгарылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн өзүмө калтырам.
Кеңештин төрагасы | А.Байсариев |