Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
6-сессия
2021-жылдын 23-декабры №21/VI-28
Кант шаарындагы мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептик эмес мекеме кызматкерлерине, балдар музыкалык мектебине, ҮБДТ, ММ “Кант Тазалык” жана китепкананын кызматкерлерине бир мезгилдүү материалдык жардам берүүчү нак акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кант шаарындагы мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептик эмес мекеме кызматкерлерине, балдар музыкалык мектебине, ҮБДТ, ММ “Кант тазалык” жана китепканын кызматкерлерине, бир мезгилдүү материалдык жардам берүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө Кант шаардык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы 2021-жылдын башында бюджеттик каражаттын эркин калдыгын эсебинен Кант шаарындагы мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептик эмес мекеме кызматкерлерине, балдар музыкалык мектебине, ҮБДТ, ММ “Кант Тазалык” жана китепкананын кызматкерлерине, бир мезгилдүү материалдык жардам берүү үчүн 3865,0 (үч миллион сегиз жүз алтымыш беш) миң сом акча каражаттын тизмеге ылайык бөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Талантбек у. Каниет ) жүктөлсүн.
Төрага | М.Бейшебаев |
|