Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
6-сессия
2021-жылдын 23-декабры №22/VI-28
«Кант ш.– Дордой базары» №371-маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, «Транс Даймер» ЖЧКнун директорунун Кант шаарынын тургундарынын жана конокторун ташууну үзгүлтүксүз жана туруктуу камсыздоо үчүн 22.10.2021-жылдагы №8-катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кант ш.-Дордой базары” №371-маршрутунун жүргүнчүлөрдү ташуу тарифи 45 (кырк беш) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кант шаарынын мэриясы Кант шаарынын тургундары жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн тейлөөнүн жогорку маданиятын жана ыңгайлуулугун талап кылсын.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | М.Бейшебаев |
|