Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
6-сессия
2021-жылдын 23-декабры №26/VI-28
2021-жылдын башындагы бюджеттеги эркин калдыктан көмүр тартып келүүгө транспорттук чыгым үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кант шаардык мэриясынын 2021-жылдын башындагы бюджеттеги эркин калдыктан көмүр тартып келүүгө транспорттук чыгым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү 02.12.2021-жылдагы №01-14/982-катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кант шаарынын мэриясы 2021-жылдын башындагы эркин калдыктагы бюджеттик каражаттан 250 (эки жүз элүү)миң өлчөмүндөгү акча каражатын көмүр тартып келүүгө транспорттук чыгым үчүн бөлүп берсин.
2. Бул токтомдун аткарылыш жөнүндөгү маалымат Кант шаардык кеңешине 2022-жылдын 1-мартына чейин берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Талантбек у. Каниет) жүктөлсүн.
Төрага | М.Бейшебаев |
|