Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
6-сессия
2021-жылдын 23-декабры №30/VI-28
Кант шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тамак-ашы үчүн төлөм акысын бекитүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаардык мэриясынын 15.12.2021-жылдагы №01-14/1036-катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тамак-ашы үчүн төлөм акысы бир балага бир күнгө 120 (жүз жыйырма) сомдон бекитилсин.
2. Кант шаарынын мэриясы МБМне бир балага бир күнгө 70 (жетимиш) сомдон акча каражатын төлөп берсин.
3. МБМнин ата-энелери тамак-аш үчүн бир балага бир күнгө 50 (элүү) сом акча каражатын төлөсүн.
4. Кант шаарындагы МБМнин башчылары комкорчулук кеңешинин жана ата-энелер комитетинин мүчөлөрүнө ата-энелер тарабынан кошумча төлөм бир балага бир күнгө 50 (элүү) сом болгондугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмолдөо Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Талантбек у. Каниет) жүктөлсүн.
Төрага | М.Бейшебаев |
|
|