Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 16-декабры № 14
“Муниципалдык үйлөрдү социалдык жалдоо” келишимине өзгөртүү киргизүү тууралуу
Социалдык суроолор боюнча туруктуу комиссиясынын “Муниципалдык үйлөрдү социалдык жалдоо” келишимине өзгөртүү киргизүү сунушун карап жана талкуулап чыгып, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Муниципалдык үйлөрдү социалдык жалдоо” келишимине өзгөртүү киргизилсин, 1-пункту төмөнкү иретте жазылсын: “Келишимдин нерсесинен” “Шарттар жана келишимдин нерсесине”. “Шарттар жана келишимдин нерсеси” пункту толукталсын жана 1.2.пунктчасында төмөнкү шарттар көрсөтүлсүн:
- жалдоочу жесир аял;
- жалдоочунун жашаган жеринин каттоосу Жайыл районунун Жайыл айыл аймагында болсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин социалдык суроолор боюнча комиссиясынын төраймы С.З.Сманалиевага жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы | А.А.Мамбеткулов |