Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 16-декабры № 15
Мүрзөлөрдү муниципалдык менчике өткөрүү тууралуу
2021-жылдын 10-ноябрындагы Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын №01-40/271-катынын жана 2021-жылдын 28-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Чүй областынын Жайыл районунун прокуратурасынын Жайыл айыл аймагындагы мүрзөлөрдү муниципалдык менчике алуу боюнча №11/06-21-буйругун карап жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл айыл аймагындагы мүрзөлөр муниципалдык менчике кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы | А.А.Мамбеткулов |