Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 16-декабры № 16
Ичүүчү суунун суу өлчөгүч эсептегичин өчүрүү жана күйгүзүү кызматына баасын бекитүү тууралуу
“Жайыл Таза Аймак” муниципалдык иш канасынын директорунун Алексеевка айылынын ичүүчү суусуна өз убагында төлөбөгөн абонентерине суу өлчөгүч эсептегичин күйгүзүп жана өчүргөндүгү үчүн кызматтык баасын бекитүү тууралуу сунушун карап жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алексеевка айылынын ичүүчү суусунун суу өлчөгүч эсептегичин өчүргөндүк кызматына 100 (бир жүз) сом жана күйгүзгөндүгүнө 100 (бир жүз) сом бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин “Жайыл Таза Аймак” муниципалдык иш канасынын директору Б.М.Баймонкоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы | А.А.Мамбеткулов |