Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-декабры №21/VII-28
"Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө"
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Буйляшевдин киреше салыгы боюнча планды 200,0(эки жүз миң)сомго жана ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык боюнча 300,0(үч жүз миң)сомго көбөйтүү тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, жылдын жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин сыйлоого, калк арасында жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө,тазалоочу курулмаларды компьютердик тейлөө үчүн акы төлөөгө, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жылдын жыйынтыгы боюнча айыл өкмөттүн кызматкерлерине сыйлык берүү, калк арасында жаңы жылдык иш чара өткөрүү, тазалоочу курулмаларды компьютердик тейлөө үчүн төлөнсүн.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Шайлдабеков |
|