Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-декабры №23/VII-28
"Бактылуу Баластан" балдар бакчасынын тамагына ата-эненин кошумча төлөмүн жогорулатуу жөнүндө "
"Бактылуу Баластан" бала бакчасынын башчысы М.К.Жаманкулованын күнүнө бир бала үчүн 70(жетимиш) сом суммасында тамак-ашка ата-энелердин кошумча төлөмүн жогорулатуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
- тамакка ата-энелердин кошумча төлөмү күнүнө бир бала үчүн 70(жетимиш) сом суммасында төлөнсүн.
2. Люксембург айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Абалбекова Р.С. "Балдар бакчасы" беренесинин чыгымдар сметасында 18 (он сегиз) сом эсебинде тамактанууга акча каражаты каралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айылдык кеңештин укуктук тартип , социалдык жактан коргоо,маданият жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. 2014-жылдын 17-мартындагы №57/7/26 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Шайлдабеков |