Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-декабры №25/VII-28
“Майыптардын күнүнө карата бир жолку материалдык жардамдын суммасын көрсөтүү жөнүндө”
Люксембург айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Б. Токталиеванын майыптар күнүнө карата бир жолку материалдык жардамдын суммасын көрсөтүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Майыптар күнүнө карата бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө 150/29/27 жылдын 10.03.2020-ж. токтомуна толуктоо киргизилсин:
- Люксембург айылдык аймагында катталган,бирок иш жүзүндө жашабаган ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар, эгерде алардын жашаган жери боюнча материалдык жардам берилбей тургандыгы тууралуу маалымкат берилсе, материалдык жардам берилет ;
- Люксембург айылдык аймагында катталбай турган,бирок 3 жылдан кем эмес иш жүзүндө жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар, эгерде катталган жери боюнча материалдык жардам көрсөтпөө тууралуу маалымкат берилсе, материалдык жардам берилет .
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Шайлдабеков |