Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-декабры №23/8-5
“Токмок шаарынын Ленин көчөсүнүн сол тарабынын (Ибраимов көчөсүнөн Росков көчөсүнө чейин) узундугу 3,130 км болгон тротуарын капиталдык оңдоо” боюнча долбоорду кошо каржылоо жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 2021-жылдын 21-декабрындагы №1898/1-4 катынын негизинде, дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен “Токмок шаарынын Ленин көчөсүнүн сол тарабынын (Ибраимов көчөсүнөн Росков көчөсүнө чейин) узундугу 3,130 км болгон тротуарын капиталдык оңдоо” долбоорду ишке ашыруу максатында, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Токмок шаарынын Ленин көчөсүнүн сол тарабынын (Ибраимов көчөсүнөн Росков көчөсүнө чейин) узундугу 3,130 км болгон тротуарын капиталдык оңдоо” долбоору боюнча кошо каржылоого чыгашалар суммасын Токмок шаарынын 2022-жылдын бюджетинин долбооруна “Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар” 701 (Токмок шаарынын мэриясы) бөлүмүнүн “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесине 5 823 544 (беш миллион сегиз жүз жыйырма үч миң беш жүз кырк төрт) сом өлчөмүндө акча каражатын киргизүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жына инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М.Сансызбаев |