Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-декабры №22/8-5
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын биринчи вице-мэринин м.а. Ж.А. Аралбаевдин “2022-жылга үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды алууга конкурска катышуу үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө” кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Джунушалиев Сатыбалды Бакытбекович | -комиссиянын төрагасы, Токмок шаардык кеңешинин депутаты; |
Эсеналиев Мирбек Таалайбекович | -комиссиянын катчысы, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Чүй башкармалыгынын каржы-бюджет координация бөлүмүнүн башкы адиси. |
Комиссиянын мүчөлөрү:
| |
Бейшеналиева Айнура Таштанбековна | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн регионалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу менен); |
Инамбаев Тарамурза Дадамурзаевич | -“Биримдик” коомдук уюмунун мүчөсү (макулдашуу менен); |
Абдраев Марат Долосбекович | -“Жарандык өнүгүү борбору” коомдук фондунун директору (макулдашуу менен); |
Кангельдиева Гульсана Искаковна | -“Тынчтык үйү” коомдук уюмунун төрайымы (макулдашуу менен); |
Жусупбекова Жанаркуль Жангазиевна | -“Green work” коомдук фондунун төрайымы (макулдашуу менен); |
Лавринович Ольга Викторовна | -“Общество Карнелиуса” коомдук фондунун төрайымы (макулдашуу менен); |
Колесникова Елена Викторовна | -“Кызыл ай” улуттук коомунун Чүй облусунун Токмоктук филиалынын директору (макулдашуу менен). |
2.Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы №292/38-4 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок шаарынын биринчи вице-мэринин м.а. (Ж.А. Аралбаев) жүктөлсүн.
Төрага | Т.М.Сансызбаев |