Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-декабры №20/7-5
Токмок шаарынын мекемелерине бюджеттик кошумча ассигнованиелерди жылдырууга жана кошумча ассигнованиелерди бѳлүп берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ
Токмок шаарынын мэриясынын берилген материалдарын карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78, 115-беренелерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тѳмѳндѳгү бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруга макулдук берилсин:
1)Токмок шаарынын мэриясы боюнча – Чүй областынын Токмок шаардык сотунун 2021-жылдын 1-октябрындагы №ГД-831-21/ч7 чечиминин негизинде, “Дагы башка товарларды жана кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215 беренесинен “Соттун чечимдерин аткаруу” 2823 беренесине 302,7 миң сом суммасында, анын ичинде: Б.К.Кадыркуловго аргасыздан жумуштан калган убактысына маянасын жана маянасынын убагында тѳлѳнбѳй калуусу үчүн пайыздарын тѳлѳп берүүгѳ 296,9 миң сом жана мамлекеттик пошлина 5,8 миң сом суммасында;
2)Чүй-Токмок билим берүү бѳлүмү боюнча – 70921 “Орто билим берүү” бѳлүмчѳсүнүн “Коммуналдык кызматтар” (жылуулук энергиясы үчүн тѳлѳмдѳр) 2231 беренесинен 70911 “Мектепке чейин билим берүү” бѳлүмчѳсүнүн “Коммуналдык кызматтар” (жылуулук энергиясы үчүн тѳлѳмдѳр) 2231 беренесине 200,0 миң сом суммасында;
-70911 “Мектепке чейин билим берүү” бѳлүмчѳсү боюнча “Дагы башка товарларды жана кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215 беренесинен “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” 2222 беренесине 50,0 миң сом суммасында;
3)Токмок шаардык маданият бѳлүмү боюнча – Бѳлүмдүн борборлоштурулган бухгалтериясынын “Коммуналдык кызматтар” 2231 беренесинен Маданият сарайынын “Коммуналдык кызматтар” 2231 беренесине 70,0 миң сом суммасында, пайдаланылган электр энергиясы боюнча кредитордук карыздарын жоюу үчүн;
4)“Менин шаарым Токмок - Мой город Токмок” газетасынын редакциясы боюнча - “Коммуналдык кызматтар” 2231 беренесинен “Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр” 2214 беренесине 20,0 миң сом суммасында;
5)Токмок шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ борборунун “Дагы башка товарларды жана кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215 беренесинен Токмок шаарынын жалпы дарыгердик практика борборунун “Дагы башка товарларды жана кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215 беренесине 65,0 миң сом суммасында, анын ичинде СПИД менен күрѳшүүнүн Бүткүл дүйнѳлүк күнүнѳ арналган иш-чараларды ѳткѳрүүгѳ – 30,0 миң сом, туберкулез менен күрѳшүү боюнча иш-чараларды ѳткѳрүүгѳ – 35,0 миң сом;
2.Токмок ш. ММБнын “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренеси боюнча тендердик иш-чаралардын натыйжасында үнѳмдѳлгѳн бюджеттик ассигнованиелердин эсебинен шаардын тѳмѳндѳгү бюджеттик мекеме-уюмдарына кошумча бюджеттик ассигнованиелерди бѳлүп берүүгѳ макулдук берилсин:
1)Чүй-Токмок билим берүү бѳлүмүнѳ 11104,1 миң сом суммасында, алардын ичинде:
- “Коммуналдык кызматтар” (электр энергиясы үчүн тѳлѳмдѳр) 2231 беренесине 614,4 миң сом суммасында (анын ичинде: “Орто билим берүү” бѳлүмчѳсүнѳ – 201,5 миң сом, “Мектепке чейин билим берүү” бѳлүмчѳсүнѳ – 405,6 миң сом, “Борборлоштурулган бухгалтерия” – 7,3 миң сом);
-“Байланыш кызматын көрсөтүү” 2212 беренесине 20,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ (Борборлоштурулган бухгалтерия);
-“Коммуналдык кызматтар” (жылуулук энергиясы үчүн тѳлѳмдѳр) 2231 беренесине 9448,1 миң сом суммасында (анын ичинде: “Орто билим берүү” бѳлүмчѳсүнѳ – 8370,3 миң сом, “Мектепке чейин билим берүү” бѳлүмчѳсүнѳ – 412,5 миң сом, “Борборлоштурулган бухгалтерия” –78,3 миң сом, “Балдар жана ѳспүрүмдѳрдүн чыгармачылык борбору” – 587,0 миң сом);
-“Коммуналдык кызматтар” (суу үчүн тѳлѳмдѳр) 2231 беренесине 240,9 миң сом суммасында (анын ичинде: “Орто билим берүү” бѳлүмчѳсүнѳ – 213,2 миң сом, “Мектепке чейин билим берүү” бѳлүмчѳсүнѳ – 22,7 миң сом, “Борборлоштурулган бухгалтерия”– 5,0 миң сом);
-“Дагы башка товарларды жана кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215 беренесине (санитардык кызмат кѳрсѳтүүлѳр) 34,6 миң сом суммасында (“Мектепке чейин билим берүү” бѳлүмчѳсүнѳ);
-“Дагы башка товарларды жана кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215 беренесине 746,1 миң сом суммасында, “Мэрдин балатысы” жаңы жылдык иш-чарасын ѳткѳрүүгѳ;
2)Токмок шаардык маданият бѳлүмү боюнча 305,0 миң сом суммасында, алардын ичинде:
-“Кызматтык кыдырууларга чыгашалар” 2211 беренесине (Башкармалыктын аппаратына) 45,0 миң сом суммасында;
-“Машиналар жана жабдуулар” 3112 беренесине 260,0 миң сом суммасында, борборлоштурулган китепканалар тармагына инвентарь алуу үчүн.
3)Токмок шаардык аскер комиссариатына 70,0 миң сом суммасында, жарандарды аскер кызматына чакырууну уюштуруу жана ѳткѳрүү иштерине, анын ичинде: “Дагы башка товарларды жана кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215 беренесине – 50,0 миң сом, “Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр” 2214 беренесине – 20,0 миң сом.
4)Токмок шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына 458,4 миң сом суммасында, анын ичинде:
-“Ижара акысы” 2213 беренесине (транспорт каражаттарынын ижарасы) транспортко ижара акысынын жогорулашына байланыштуу 4,0 миң сом суммасында, “Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр” 2214 беренесине (запастык бѳлүктѳрдү сатып алуу) кышкы автошиналарды сатып алууга – 16,0 миң сом, бардыгы 20,0 миң сом суммасында;
- Токмок шаардык сотунун 2021-жылдын 12-октябрындагы №ГД-693-21-ч7 аткаруу баракчасына ылайык, колдонулган жылуулук энергиясына болгон кредитордук карыздарды жоюуга 264,1 миң сом суммасында;
-Токмок ш. ММБсы аркылуу “Машиналар жана жабдуулар” 3112 беренесине 174,3 миң сом суммасында, Токмок шаардык ИИБнын аймагына 14 бирдик видеокамераларды алууга жана орнотууга.
3.Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын чыгашалар сметасындагы “Дагы башка товарларды жана кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215 беренесинин ичинде 134,6 миң сом суммасында, долбоорлук документтерди иштеп чыгуу үчүн каралган каражаттын максаттуу багытын–Токмок шаарынын Ленин кѳчѳсү 1 дарегинде жайгашкан “Токмок Водоканал” муниципалдык ишканасынын укуктук жактан күбѳлѳндүрүүчү документтерин каттоодон ѳткѳрүүгө макулдук берилсин.
4.Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын начальниги (Жумалиева Г.Т.) тарабынан ушул токтомдун 1 жана 2 пунктарына ылайык бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруу жүргүзүлсүн жана кошумча бюджеттик ассигнованиелер бѳлүнүп берилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М.Сансызбаев |