Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-декабры №17/7-5
Токмок шаардык кеңешинин 2021-жылдын 24-февралындагы № 312/40-4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын вице-мэри С.В. Ступниковдун 2021-жылдын 04-октябрындагы №1429/1-4 катынын, Токмок шаарынын мэриясынын турак-жай комиссиясынын отурумунун протоколунун, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаардык кеңешинин 2021-жылдын 24-февралындагы №312/40-4 токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
-Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунан турак-жай алуу үчүн жашы жете элек балдарды тарбиялап жаткан жесирлердин, жалгыз бой энелердин жана турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын тизмесинен 1981-жылдын 06-ноябрында төрөлгөн Фролова Олеся чыгарылсын;
-Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунан турак-жай алуу үчүн жашы жете элек балдарды тарбиялап жаткан жесирлердин, жалгыз бой энелердин жана турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын тизмесине 1983-жылдын 20-февралында төрөлгөн - Орозалиева Чынара Алмазбековна киргизилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |