Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-декабры №16/7-5
Токмок шаарынын Ленин көчөсү №194 дарегинде жайгашкан жер тилкесин Ц-2 зонасынан К-1 зонасына которууга жана “Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жɵнүндɵ
Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 2021-жылдын 15-январындагы №02-02/19 “Токмок шаары, Ленин көчөсү №194 дарегинде жайгашкан жер тилкесин Ц-2 зонасынан К-1 зонасына которуу жөнүндө” катынын негизинде, “Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу” боюнча комиссиянын протоколунун, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Токмок ш. курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
-Токмок шаарынын Ленин көчөсү №194 дарегинде жайгашкан жер тилкесинин зоналык категориясын Ц-2 (жергиликтүү маанидеги тейлөө жана коммерциялык борбордун аймагы) зонасынан К-1 (коммуналдык чарба, транспорт, кампа жана чакан өндүрүш) зонасына которулсун.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |