Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-декабры №15/7-5
“Токмок шаарынын муниципалдык жер тилкелериндеги өз алдынча орнотулган жеңил түрүндөгү объекттерди бузуунун тартиби жөнүндө” жобону бекитүү жѳнүндѳ
Токмок шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 12-ноябрындагы №1612/1-4 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Токмок шаарынын муниципалдык жер тилкелериндеги өз алдынча орнотулган жеңил түрүндөгү объекттерди бузуунун тартиби жөнүндө” жобо бекитилсин.
2.Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы (М.К. Макешев) ушул жобону жетекчиликке алсын.
3.Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |