Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 26-октябры №9/4
«Жер тилкесинин бөлүгүнүн багытын өзгөртүү жөнүндө»
Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 2021-жылдын 19-мартындагы №60-21 катын карап чыгып жана Чүй районунун ӨК бөлүмүнүн 2021-жылдын 15-мартындагы №101, ЦПЗ жана МСЭК 15.03.2021-ж. №04-2/157, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 15-мартындагы № Э 91/В корутундуларынын негизинде Чүй айылынын С.Ибраимов көчөсүнүн №93 дарегинде жайгашкан, 4.11.2016-жылындагы сатуу-сатып алуу келишиминин, 17.01.2017-ж. Мамлекеттик актысынын негизинде Медерова Назира Рапыкбековнага таандык «Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу жана башка максаттагы жерлер» категориясындагы жер тилкесинин бөлүгүнүн багытын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн карап, 1999-жылдын 2-июнундагы №45 Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 49-беренесинин 1-бөлүмчөсүнүн 6 п.п. ылайык жана ошондой эле депуттардын ой пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алуу менен Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айылынын С.Ибраимов көчөсүнүн №93 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1240,00 чарчы метрди түзгөн «Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу жана башка максаттагы жерлер» категориясындагы жер тилкесинин бөлүгү үй куруу багытына өзгөртүлсүн.
2. Чүй районунун архитектура жана шаар куруу адистеринин долбоордо белгиленген (АПУ,АТЗ) бардык көрсөтмөлөрүн аткарууга Медерова Назира Рапыкбековнага милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жер жана агрардык суроолор боюнча комитеттин төрагасы Э.Сакаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р.Алиев |