Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 26-октябрындагы №9/5
« Жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө»
Чүй райондук Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 2021-жылдын 14-сентябрындагы №127-21 «Чүй айылынын М.Сансызбаев көчөсүнүн №85 дарегинде жайгашкан короо жайга тиешелүү жер тилкесинин багытын соода-сатык дүкөнүн курууга өзгөртүү жөнүндөгү» материалдарын карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесинин 2-пунктун, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 31 - беренесин жетекчиликке алуу менен Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айылынын М.Сансызбаев көчөсүнүн №85 дарегинде жайгашкан Абдыкулов Мирлан Сегизбековичке таандык менчик короо-жай жер тилкесинин 600,0 м2 аянты соода-сатык дүкөнүн курууга жер тилкесинин багыты өзгөртүлсүн.
2. Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын адистеринин долбоордо белгилеген көрсөтмөлөрүн так аткарууга Абдыкулов Мирлан Сегизбековичке милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалындагы жерди каттоо боюнча иш-кагаздарына өзгөртүүнү киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комитеттин төрагасы жана Э. Сакаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алиев |