Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 26-октябрындагы №9/6
«Чүй айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын м.а. К.Джумадилованын «Чүй айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алуу менен Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине жана функционалдык милдеттерине өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. «Социалдык маселелер, жаштар саясаты жана спорт боюнча башкы адистин» функционалдык милдеттери «Укуктук камсыздоо жана маалыматтык алмаштыруунун башкы адисинин» (юрист) функционалдык милдеттерине алмаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.
Төрага | Р.Алиев |