Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 08-февралы №3
Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюжетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчетту жана сунуштаманы кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине негиз Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча бөлүнүшүнүн 2021-жылдын 8-декабрындагы Сакалды айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюжетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчеттун жана сунуштамасы боюнча №01-14/515 сандуу катындагы маалымат эске алынсын.
2. Аудит мезгилинде төмөндөгү кемчиликтер аныкталган үчүн:
- Кассалык операциялар КРнын Каржы Министрлигинин 25.12.2018-жылдагы №137 буйругунун негизинде бекитилген “ Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча” жобонун негизинде жүргүзүү, КРнын 2019-жылдын 27-сентябрындагы №503 “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” КРнын Мыйзамынын талаптарын аткаруу жана мындан нары бюжеттик каражаттардын максаттуу пайдалануу жагын көзөмөлдөө;
- Эмгек акысын төлөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” №278 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарынын туура аткарылышын көзөмөлгө алуу, социалдык жана салык төлөмдөрүн убагында чегерүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы “Электр энергиясын колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндөгү” №576 токтомунун эрежелеринин сакталуусун көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысы А.Осмоновго жана ФЭБнүн башчысы А.Турганбаевага милдеттендирилсин жана эскертилсин.
3. Сакалды айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерин пайдаланууда бухгалтердик документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомунун типтүү жоболоруна ылайык жүргүзүү боюнча жайыт комитеттин төрагасы У.Шерматовго эскертүү берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы А.Осмоного жүктөлсүн.
Төрага | А.Нишанбаев |