Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 14-февралы №1
Ири ишкана куруу үчүн жер ажыратуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине негиз Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1. 2022-жылга өндүрүш зонасын куруу планга киргизилип,чет элдик инвесторлордун каржылоосу менен ири ишкана куруу аркылуу райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо инвестициялык долбоорлору ишке ашырылып жаткандыгы боюнча Ноокен райондук мамлекеттик администрациянын 2022-жылдын 14-февралындагы №01-20/165 сандуу катындагы маалымат эске алынсын.
2. Бул үчүн Кочкор-Ата шаарында жалпы 41,0 га жер аянты “Токой фондусунун жерлери” категориясынан жайыт жер аянтынынын “ Өнөр жайынынн, транспорттун байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жана башка багыттагы жерлердин” категориясына котору(Трансформациялоо) иштери жүргүзүлүүдө, бирок токой фондунун жерлерин толуктоо максатында Сакалды айыл өкмөтүнүн колдоонудагы мамлекеттик запастагы жер аянтынан ордун толтуруу үчүн 41,0 га жер аянтын ажыратуу маселеси боюнча айылдык кеңештин колдоосун тапты деп эсептелсин.
3. Сакалды айыл өкмөтүнүн карамагындагы Сере жайлоосунун аймагынан 41, 0 га аска зоо таш жер тилкеси жогорудагы максат үчүн ажыратылып берилсин. Ушул аймакты терең изилдөө үчүн айыл өкмөттүн алдында атайын комиссиянын курамы бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | А.Нишанбаев |