Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2021-жылдын 06-декабры № 1
Геркана участкасындагы 1,20 га жер аянтына иш кагаздарын даярдоого уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын Кең-Кол айылынын Геркана участкасына туристтик эсалуу жайын уюштуруу үчүн долбоор даярдоо үчүн 1,20 га жер аянтына иш кагаздарын даярдоого уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагынын Кең-Кол айылынын Геркана участкасына туристтик эсалуу жайын уюштурууга уруксат берилсин.
2. Геркана участкасында жайгашкан 1,20 га жер аянтын муниципалдык менчикке өткөрүү үчүн тиешелүү иш кагаздары менен КР Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу айыл аймак башчысына милдеттендирилсин.
3. Аталган жер аянтынын багытын өзгөртүү (трансформациялоо) жагы Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Н. Сатаровдон суралсын.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт меселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |