Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2021-жылдын 06-декабры № 2
Соломо участкасына таштанды таштоочу жай жана “Яма беккера” үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасынан “Тазалык” муниципалдык ишканасы айыл аймактын таштандыларын таштоо үчүн 1,10 га жер аянтын ажыратып берүүгө жана аталган жер аянтына иш кагаздарын даярдоого уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасынан таштанды таштоо үчүн 1,0 га ; “Яма беккера” үчүн 0,10 жер аянты; жалпы 1,10 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Аталган жер аянтын муниципалдык менчикке өткөрүү үчүн тиешелүү иш кагаздары менен КР Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу айыл аймак башчысына жана “Тазалык” МИнын жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт меселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |