Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2021-жылдын 06-декабры № 3
Ала-Бука районундагы “Фулл Голд Майнинг” ЖЧК 137,3 га жер аянтынын Өрүктү айыл аймагынын балансына тиешелүүлүгүн кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы “Фулл Голд Майнинг” ЖЧК жерин берүү жөнүндөгү” №523 токтомунун негизинде, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 6-декабрь 2021-жылдагы №01-22/1530 сандуу Протоколуна ылайык, “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсынын территориясы боюнча Өрүктү айыл аймагынын калктуу конушуна жакындыгын, экологиялык зыяндуулугун эске алып, “Фулл Голд Майнинг” ЖЧК ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан 137,3 га жер аянтынын тиешелүү бөлүгүн Өрүктү айыл аймагынын балансына өткөрүп алуу максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 6-декабрь 2021-жылдагы №01-22/1530 сандуу Протоколунун чечими эске алынсын.
2. “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан 137,3 га жер аянтынын тең бөлүгү 68,65 га жер аянты убактылуу Өрүктү айыл аймагынын балансына өткөрүлүп алынсын.
3. Аталган жер аянтын аныктоо, картографиялык материалдарын тактоо жагы “Кадастр” малекеттик ишканасынын Ала-Бука райондук филиалынын башчысы Н. Дуулатовдон суралсын.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт меселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |