Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 1
Республикалык үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталуучу долбоор үчүн айыл аймактын бюджетинен өздүк салымды бөлүп берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү айылындагы паркка үстү жабык волейбол аянтчасын куруу долбоорун Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин үлүштүк (дем берүүчү) грантына сунуштоо үчүн айыл аймактын өздүк салымын бөлүп берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылындагы паркка үстү жабык волейбол аянтчасын куруу долбоорунун биринчи бөлүгүнүн жалпы суммасы 4 266 581 сом болуп, анын 1 266 581 сому; экинчи бөлүгүнүн жалпы суммасы 3 898 340 сом болуп, анын 898 340 сом бөлүгү айыл аймактын бюджетинин 2022-жылдын сметалык долбоорунан өздүк салым катары каралсын.
2. Акча каражатын тиешелүү статьядан ажыратып берүү айыл аймактын ФЭБ башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |