Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 2
Жайыт комитетинин пайдалануусундагы атайын техниканын (погрузчик) 2020-2021-жылдагы кызмат көрсөтүүлөрүнө эсеп жүргүзүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагындагы коомдук пайдалануудагы жолдорду, көпүрөлөрдү ж.б. соц.обьектилерде сүрүп-тегиздөө, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө атайын техниканын ( погрузчик) 2020-2021-жылдар аралыгында 897 м/с х 2 800с = 2 511 600 сомдук кызмат көрсөткөн. Анын ичинен айыл өкмөтүнүн бюджетинен 609 000 сом, эл тарабынан 180 000 сомго күйүүчү май куюлган. Айылдык Кеңеш тарабынан бекитилген тарифке ылайык, 1 722 600 сом калган. Айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн жана айыл өкмөтүнүн бюджетинин мүмкүнчүлүгүн эске алып Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы токтом кылат:
1. Кызмат көрсөтүүлөрдүн калган 1 722 600 сом акча каражатынан атайын техниканын сарптаган күйүүчү-майлоочу майы, запастык бөлүктөрү, механизатордун эмгек акысы үчүн 722 600 сому айыл аймагынын бюджетинен төлөнүп берилсин.
2. Калган 1 000 000 сом эсептелген акча каражаты жалпы айылдык Кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен жокко чыгарылсын.
3. Жогорудагы төлөнүүчү акча каражатын 2022-жылдын бюджетинин тиешелүү статьясынан ажыратып, айылдык Кеңештин сессиясына сунуш берүү айыл аймактын ФЭБ башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |