Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 3
“Альфа Телеком” ЖАК уюлдук байланыш компаниясынын антеннасын орнотуу үчүн жер тилкесин убактылуу пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Н. Арзыматовдун билдирүүсүнүн негизинде Өрүктү-Сай айылынын Аң-Бел дөңсөөсүнүн аймагынан 20 квМ (774 контур) жер аянтын Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесинин 13-абзацына ылайык, “ Альфа Телеком” ЖАК уюлдук байланыш компаниясынын антеннасын орнотуу үчүн убактылуу пайдаланууга берүүгө уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын IX сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Н. Арзыматовдун билдирүүсүн эске алып, Өрүктү-Сай айылынын калкын сапаттуу уюлдук байланыш менен камсыздоо максатында Өрүкту-Сай айылынын Аң-Бел дөңсөөсүнөн “Альфа Телеком” ЖАК уюлдук байланыш компаниясынын антеннасын орнотуу үчүн 20 кв м жер тилкесин КР Мыйзамдарынын чегинде убактылуу пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен “Альфа Телеком” ЖАК нын ортосунда эки тараптуу келишим түзүлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |