Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 4
Өрүктү айыл аймагынын территориясында орнотулган бардык уюлдук операторлордун байланыш антенналары үчүн төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын территориясында убактылуу пайдаланууга алган жер тилкелерине орнотулган бардык уюлдук операторлордун базалык станциялары жана байланыш антенналары үчүн төлөмдөрдүн өлчөмүн бекитүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагынын территориясында убактылуу пайдаланууга алган жер тилкелерине орнотулган бардык уюлдук операторлордун базалык станциялары жана байланыш антенналары үчүн төлөмдөрү 1 ай үчүн 5000 (беш миң) сомдон кем эмес өлчөмдө болуп бекитилсин.
2. Эки тараптуу келишимдерди түзүү жана төлөнүүчү акча каражаттарын көзөмөлдөө жайыт комитетинин төрагасы Н. Арзыматовго жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |