Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 5
Өрүктү айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга Стратегиялык өнүгүү планы айыл аймактын кызматкерлеринен, депутаттардан, активдүү жарандардан, айыл башчылардан түзүлгөн жумушчу топтун жана коомдук угуулардагы сунуштардын негизинде ар тараптуу карап, изилдөөлөр жүргүзүлдү. Стратегиялык өнүгүү планында ар бир айылдын негизги көйгөйлөрү, социалдык маселелер, айылдардын инфраструктурасын ар тараптуу өнүктүрүү каралган. 2022-2026-жылдарга Стратегиялык өнүгүү планда келечекте турмушка аша турган жана азыркы мезгилде курулуп жаткан обьектилер, калкты электр энергиясы менен камсыздоо, ар түрдүү коммерциялык долбоорлор, зарыл болгон техникаларды сатып алуу боюнча долбоорлор, калкты таза суу менен камсыз кылуу, жолдорду ремонттоо, көпүрөлөрдү куруу маселелери камтылган. 2022-2026-жылдарга Стратегиялык өнүгүү планында долбоорлордун финасылык булактардын жардамы менен ишке ашырылуусу көрсөтүлгөн. Өрүктү айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан айрым толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын IX сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга түзүлгөн Стратегиялык өнүгүү планы коомдук угуудагы сунуштар эске алынып, айрым толуктоолор жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин.
2. Айыл өкмөт башчысына, айыл башчыларга, айыл аймактагы мекеме уюмдардын жетекчилерине стратегиялык пландын ар бир багыты боюнча аткарууга жетишүүнү камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |