Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 6
Өрүктү айыл аймагынын 2021-жылдагы бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын 2021-жылдагы бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, тиешелүү статьяларга жылдырууга уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагынын ФЭБ башчысы М. Осмонбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Клубдун – 2215 статьясындагы иштетилбей калган 20,0 (жыйырма миң) сом, 2221 статьясындагы 8,4 (сегиз миң төрт жүз) сом, жалпы: 28,4 (жыйырма сегиз миң төрт жүз) сом акча каражаты төмөнкү статьяларга жылдырылсын.
– Библиотеканын – 2222 статьясына 20,0 (жыйырма миң) сом,
- Аппараттын – 2211 статьясына 8,4 (сегиз миң төрт жүз) сом,
3. Аппараттын – 2111 статьясындагы айлык акыдан үнөмдөлгөн 23,0 (жыйырма үч миң) сом, 2121 статьясынан 40,0 (кырк миң) сом, статисттин 2111 статьясынан 39,0 (отуз тогуз миң) сом, жалпы: 102,0 (жүз эки миң) сом акча каражатты аппараттын – 2231 (электр энергиясы үчүн төлөм) статьясына зарылчылыктарга байланыштуу жылдырууга уруксат берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.
5. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |