Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 7
2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин Эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүүгө жана даярдык көрүүгө керектелүүчү акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки Эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүүгө байланыштуу Өрүктү айыл аймагында эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүүгө жана даярдык көрүүгө керектелүүчү акча каражатын бөлуп берүүгө уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагында Эл жана турак жай фондун каттоону уюшкандыкта өткөрүү колго алынсын.
2. Эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү жана уюштуруу, даярдык көрүү иштерине керектелүүчү 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражаты айыл аймактын 2022-жылдын бюджетинен каралсын.
3. Тиешелүү статьядан ажыратып берүү жана акча каражатын өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |