Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 8
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак-аш үчүн ата-энелердин төлөмүн бекитүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагындагы №16 “Бүчүр”, №30 “А. Пирматов” жана №21 “Ширин” мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлорунун кайрылууларын эске алып, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак-аш үчүн ата-энелердин төлөмүн бекитип берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагындагы №16 “Бүчүр”, №30 “А. Пирматов” жана №21 “Ширин” мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланган балдардын ата-энелеринин жалпы жыйындарынын протоколдорун жана м.ч.б.б.уюмдарынын директорлорунун кайрылуулары эске алынсын.
2. Тамак-аш үчүн ата-энелердин төлөмү айрым критерийлер менен төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- Тоголок жетим балдар үчүн – 00 сом,
- Бир үй-бүлөдөн төрт бала м.ч.б.б.у. барса, төртүнчү балага – 00 сом,
- Бир үй-бүлөдөн үч бала м.ч.б.б.у.барса, үчүнчү балага – 50% төлөм (300 сом)
- Ар бир балага бир айга тамак-аш үчүн төлөм – 600 сом болуп бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл аймактагы м.ч.б.б.у.нын директорлоруна жүктөлсүн.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |