Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2022-жылдын 13-январы № 1
Өрүктү айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
Өрүктү айылдык аймагынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы иштеп чыккан Өрүктү айылдык аймагынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттын киреше, чыгаша бөлүктөрүн айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 21 525, 0 миң сом, чыгаша бөлүгү 21 525, 0 миң сом жана атайын каражаттын киреше бөлүгү 800,0 миң сом, чыгаша бөлүгү 800,0 миң сом болуп бекитилсин.
2. Өрүктү айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жалпы кирешесинин 1% бөлүгү 215,0 миң сом резервдик фондго калтырылсын.
3. Айылдык аймакта табигый кырсыктардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу үчүн 250 000 (эки жүз элүү миң) сом, табигый кырсык үчүн 2215 статьяда турушун камсыз кылуу айылдык аймактын ФЭБнө жүктөлсүн.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |