Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2022-жылдын 13-январы № 2
Өрүктү айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1 - январына карата эсептик счетто калган айылдык аймактын бюджетиндеги жана атайын төлөм каражатындагы калдык суммаларды бекитүү жөнүндө
Өрүктү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсүнүн негизинде 2022-жылдын 1-январына карата эсептик счетто калган айылдык аймактын бюджетиндеги жана атайын төлөм каражатындагы калдык суммаларын статьялар жана тармактар боюнча бекитүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. 2022-жылдын 1-январына карата эсептик счетто калган айылдык өкмөттүн бюджетиндеги жана атайын төлөм каражатындагы калдык суммаларын статьялар жана тармактар боюнча бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Өрүктү айыл өкмөтүнүн бюджетинде 2022-жылдын 1-январына карата бюджеттик каражатындагы калган калдык 936,9 миң сом жана атайын каражатындагы калдык 287,0 миң сом суммалар статьялар жана тармактар боюнча бекитилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |