Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2022-жылдын 13-январы № 3
Өрүктү айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджеттик каражаттарын статьялар боюнча бөлүштүрүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын тургундарынын сунуш-пикирлерин, кайрылууларын, айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын, айылдарда өткөрүлгөн коомдук угуулар, жамааттык жыйындардагы жергиликтүү тургундардын кайрылууларынын негизинде, айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берүүчү долбоорлорду эске алып Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү-Сай айылынын маданият үйүнүн отургучтарын оңдоп-түзөө, аткарылган кошумча иштер жана сахнаны жасалгалоо үчүн жалпы 680,0 миң сом каралсын.
2. Өрүктү “Тазалык” МИ чарбалык оңдоп-түзөө жумуштарына, транспорттук чыгымдар ж.б. чыгымдары үчүн финансылык колдоо максатында 500,0 миң сом бөлүнсүн.
3. Калкты социалдык жактан колдоо үчүн 515,0 миң сом; маданият иш чаралары үчүн 100,0 миң сом; спортту колдоо үчүн 200,0 миң сом каралсын.
4. Ички жолдорду шагылдоо, сүрүп-тегиздөө, жол боюндагы арыктарды оңдоо үчүн 1 500,0 миң сом; зарыл болгон долбоорлорду даярдоо үчүн 450,0 миң сом; жерлерди трансформациялоого, ген.пландык эскиздерди даярдоо үчүн 411,25 миң сом каралсын.
5. Социалдык мекемелерге (мектеп, айыл өкмөтү) компьютердик жабдууларды сатып алуу үчүн 200,5 миң сом; видеокөзөмөл орнотуу үчүн 45,0 миң сом; муздаткычтарды сатып алуу үчүн 80,0 миң сом бөлүнсүн.
6. Бөлүштүрүлгөндөн калган 6 540,0 миң сом акча каражаты кийинки долбоорлор үчүн 3111 (имараттар жана курулмалар) статьясында туруусу камсыздалсын.
7. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жана аталган акча каражаттарды тиешелүү статьяларга бөлүштүрүп, өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.
8. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |